Депутат Строкова, срочно ата-энелерден кечирим сура!

   Мезгил

Депутат Евгения Строкованын балп эттире койгон сөзүнө наразы болгон жана мектептеги акча чогултууларга каршы чыккан ата-энелердин тобу 6-ноябрда Ак үйдүн алдына чыга турган болушту. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири ЖМКга билдирген. Ата-энелер Ак үйдүн алдында тынчтык акциясын өткөрөт. Алардын койгон 3 талабы бар:

Биринчи талап – ЖК депутаты Евгения Строкова ата-энелерди «шайка» деп айткан сөзү үчүн кечирим сурасын.

Экинчи талап – мектептерде ата-энелерден акча чогултуу токтобогондуктан, президент Сооронбай Жээнбеков буга тыйюу салган буйрук чыгарышы керек.

Үчүнчү талап – мектепте иштеген мугалимдер 5 жыл гана иштеп, кызматтан кетиши керек.

Булардын мугалим мектепте 5 жыл гана иштеши керек дегени кызыктуу тема экен. Бул маселе мугалидердин айлыгы жогорулатыла элек кезде эмне үчүн көтөрүлгөн жок дейбиз да.

Булак: Мезгил ньюс 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *