Депутат А. Сулаймановдун коронавирустан сактанып маска кийип түшкөн сүрөтү талкуу жаратты

Мезгил

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов инстаграмдагы баракчасына маска тагынып тушкөн сүрөтү коомчулукта талкуу жаратты.

 Ал бул сүрөтүнүн алдына  “смог аз келгенсип, эми вирус коркутуп баштады” деген билдирүү калтырды.

 Ал эми интернет колдонуучулардын  айрымдары  депутатты  колдошсо, кээ бирлери “ажалың келсе маска тагынсаң деле айла жок” деген ар кандай пикирлерин жазышууда. 

  Белгилей кетсек, Кытайдагы коронавирус дүйнө элин дүрбөлөңгө салды. Учурда Кытайда бул коркунучтуу вирустан 80 ден ашуун адам каза болгону айтылса, үч миң адам вирусту жуктуруп алышкан. Ал эми дүйнө элинде да коронавирустан каза болгондор катталууда.

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *