Депутат той топурларды 31-августтан 10-сентябрга чейин гана өткөрүү керектигин айтты

 Мезгил

Бүгүн, 4-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргызстандагы маарекелик иш-чаралар жөнүндө” КРнын    Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору  биринчи окууда каралды.

Депутат Акылбек Жапаров мыйзамга маарекелик иш-чаралардын датасын гана белгилебестен, аларды өткөрүү мөөнөтүн да көрсөтүп коюуну сунуштады.

“Мисалы салтанаттар жана эскерүү иш-чаралары 31-августтан 10-сентябрга чейин гана уюштурулушу шарт деп жазып коюу керек. Кесиптик майрамдарды да ушул эле мөөнөттө белгилесек болот” – деген Акылбек Жапаров Кытай мамлекетинин Жаңы жыл майрамын мисал кылды.  

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *