Депутат Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 70 миң сомдон берүүнү сунуштады

  Мезгил

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 70 миң сомдон берүүнү сунуштады.

“Быйыл Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 70 миң сомдон берсек кандай болот болгону 220 эле ардагер калыптыр. Ооба, акча кетет мен эсептеп көрдүм 15 млн 400 миң сом болот экен. Акча жок деп жатабыз, бирок ошол эле кезде “Пирамида” менен “5- каналга” бюджеттен 20 млн сомдон бөлүп берип жатпайбызбы. Демек акча бар экен. Балким 80-жылдыкка  чейин канчасы калат ким билет. Жылдан жылга алардын саны азайып баратпайбы дейт депутат.

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *