Депутат Жанар – декларация толтуруудан качар!

Мезгил

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев өзүнүн декларациясында соода компаниясынын негиздөөчүсү жана жеткечиси экендиги тууралуу маалыматты жашырып койгон. Бул тууралуу “Economist.kg”  «Декларатор» сайтына таянуу менен жазып чыкты.

2015-жылдан 2017-жылга чейинки тапшырган декларациясында эл өкүлү иштеп тапкан акча каражатынан башка кирешесин көрсөткөн эмес. Анын үйү, батири, автомашинасы да жок, ал тургай туугандарынын да тапкан кирешелерин жок болгон.

Декларацияда 2015-жылы Жанар Акаев болгону 239,4 миң сом иштеп тапкан. 2016-2017-жылдары кирешеси арбып, 648 жана 673 миң сом иштеп тапкандыгын көрсөткөн. Үч жылда “байкуш депутат” Жанар 1,5 миллион сом гана иштеп тааптыр.

Ал эми 2014-жылы 6-майда депрутат “Акаев идея” ЖЧКсын түптөгөн. Өзү негиздөөчү жана жетекчи болот. ЖЧК адистештирилбеген дүң соода менен шугулданмай болгон. 2015-жылы Жанар Акаев депутат болгон соң ар кандай коммерциялык ишкердикти токтотуусу зарыл эле. Фирманын юридикалык дареги катары Бишкектин 10-кичирайонундагы бир батир көрсөтүлгөн. Беш жыл ичинде эч кандай салык төлөгөн эмес. Ал тургай салык инспекциясындагы баракчасы да декларация сыяктуу бош турат.

Бирок “Спутник” маалымат агенттигинин журналисттери жакында парламент депутаттарынын автомашиналары тууралуу материал даярдашкан учурда Жанардын өзү “ Эл катары эле жөнөкөй жашайбыз. Айдоочум келинчегим. Мени жумушка жеткирип коюп кичинекейибизди балдар бакчасына жеткирет. Менин автомашинам 10 миң доллардын тегерегинде турат” деген.

    Эми “Декларацияда эмнеге өз атыңа катталган соода компанияң тууралуу көрсөткөн эмессиң?” деген суроого Жанар депутат чукугандай сөз таап, көздү жазгырып, же катачылыгын мойнуна алымыш болуп туруп, буйтап кетишине шек жок. Мыйзамдын башында тургандар “Ууруну карма деп эл арасында кыйкырып ууру жүрөт” дегендей болбой, мыйзамды өздөрү баш болуп сакташса кана атаганат! Жанардын дүң соода компаниясы эгер иштебей жаткан болсо жаап салып, же салык инспекциясына нольдук отчёт тапшырып, анысын декларациясында көрсөтүп туруусу керек эле.

 

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *