Депутат жарандарга бет капты бекер таратуу керектигин айтты

  Мезгил

Депутат Дастан Бекешев жарандарга акысыз бет кап берүүнү сунуштады. Ал мындай пикирин Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында билдирди.  

«Коронавирус оорусу акчасыз адамдарга салык катары болуп калды. Бет кап жок болсо айып пул, маалымат кат жок болсо айып пул. Унаа жок болсо жөө жүрөсүң. Бул туура эмес го», – деди ал. 

Өкмөт башчы бул баарына келген оорчулук жана ар ким өзүнө тиешелүү милдетти аткарышы керектигин айтты.

«Бет капты эмне үчүн айтып жатабыз? Макул, өзүңдүн ден соолугуңду сактабасаң, бирок жаныңдагыларга зыян келтирбе деген мааниде. Бет капты кий, санитардык норманы сакта, үйдөн чыкпа, бирөөгө жугузба деген сөздү аткарыш керек да. Үйүнөн чыкпасын, бет кабын кийбесин анда» – деди өкмөт башчы.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *