Депутат: Жогорку Кеңеш ооруканага айланып калды

   Мезгил

Акыркы мезгилде онкология жана гепататит менен ооргандардын катары калыңдап барат. Айрыкча аялдар менен балдардын арасында мындай дартка чалдыккандар арбын. Эгерде биз азыртан оорунун алдыналуу чараларын колго албасак, анда милларддаган каражаттан кол жууйбуз, мамлекетибиз менен калкыбыздын коопсуздугуна залакасы тийет. Өкмөт бул багытта чараларды көрүүгө тийиш. Бул тууралуу депутат Таабалды Тиллаев Жогорку Кеңеш жыйынында билдирди.

«Жогорку Кеңеш өзүнчө эле ооруканага айланып калды, жардам сурап кайрылгандар өтө көп. Мындай оор дартка чалдыккандарга чет өлкөлөрдө операция жасалат. Дарыланууга баарынын эле мүмкүнчүлүгү жок, ошондон улам алар кыйналат, тууган-туушкандарына да кыйын. Монголияда мамлекет калктын саламаттыгына акысыз изилдөө жүргүзүп, алдыналуу чараларын көрөт экен. Биз дагы алардын тажрыйбасына кайрылышыбыз керек», – деп кошумчалады ал.

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *