Депутат жолдорго автоматташтырылган таразаларды орнотууну сунуштады

   Мезгил

Буга чейин жолдо жүк ташуу эрежелерин бузган жеке жана юридикалык жактар болгону 10 сом айып пул төлөгөн. Бул тууралуу депутат Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. 

Демилгечилердин айтымында, өлкө аймагында 27 маанилүү жол бар, анын ичинде 18 жолго биринчи кезекте автоматташтырылган таразаларды орнотуп, жүк ташуу агымына көзөмөлдү күчөтүү зарыл. Ошондо жүк тартуу жайларында орун алган коррупциялык схемалаларга бөгөт коюуга мүмкүнчүлүк түзүлөт.  

  Депутат Марлен Маматалиев жаңыдан салынган жолдор четинен кайра бузулуп жатканын белгиледи.

«Жолдордун тез арада бузулушунун себеби – ашыкча жүк ташыган транспоттук каражаттар. Ошондон улам, мыйзам талаптарын бузган жүк ташуучуларга карата айып пул санкцияларын колдонууну катуулатуу демилгеси сунушталып жатат», – деди ал.

Ошентип, кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелерин, автомобиль жолдору, көчөлөр же темир жол өтмөктөрү менен өткөрүү эрежелерин бузган жүк ташуучу автомобиль ээлери үчүн 9-категориядагы салык салууну колдонуу сунушталууда. Ага ылайык, боюнча айып пул жеке адамдар үчүн 1000 эсептик көрсөткүчтү, юридикалык жактар үчүн  2000 эсептик көрсөткүчтү түзөт. 

 Белгилей кетсек, Кыргызстандын тышкы карыздарынын 2 млрд 600 млн сомун же 80 пайызын жол салууга алынган насыялар түзөт. Мурдагы жөнөкөй таразалар 6 миңге чейин гана бузууларды аныктаса, азыркы автоматташтырылган 20 миңге чейин бузууларды аныктай алат. Буга чейин жолдо жүк ташуу эрежелерин бузган жеке жана юридикалык жактар болгону 10 сом айып пул төлөгөн.

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *