Депутаттар Акылбек Жамангуловго карата коркутуулар болуп жатканын айтышты

     Мезгил

       Жогорку  Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутаттар мурдагы кесиптеши Акылбек Жамангуловго карата коркутуулар болуп жатканын айтышты.

  Вице-спикер Мирлан Бакиров:   “Өткөн жумада “КТ Мобайл” боюнча депутаттык комиссия түзүлүп, жумушу башталган. Анын жыйынтыктарын күтүп туралы. Мурдагы кесиптешибиз Акылбек Жамангулов айткан фактылар боюнча, күч органдарынын кызматкерлери жана башка адамдар тарабынан коркутуулар болуп жатыптыр. Анын аркасы менен канча жетекчилер иштен кетип жатат”, деди – Бакиров.

Бул маселе боюнча депутат Бакыт Төрөбаев: “Жамангулов – мамлекеттик мекеменин жетекчиси. Ал көп айлык алып жаткан адамды ачыкка чыгарды. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери аны коркутуп жатканы туура эмес, бекем туралы”, – деген пикирин билдирди.

  Ал эми депутат Алтынбек Жунус уулу  Акылбек Жамангулов буга чейин дагы ТЭЦ теги мыйзам бузуулар боюнча айтып чыкканын айтып ал чындыкты айтып чыкканы үчүн  ага карата коркутуулар болуп жатканын кошумчалады.

Эске салсак, буга чейин   “КТ Мобайл” компаниясы боюнча чуу жаралып бир катар кызматкерлер кызматтан алынган.   Анын арасында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасы Иманкадыр Рысалиев да бар.

  “Мегаком” компаниясынын директору Акылбек Жамангулов премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасы Иманкадыр Рысалиев тарабынан коркутуулар болгонун айткан.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *