Депутаттар коронавирус менен катар башка оорулууларга да көңүл бурулушу керектигин айтышты

Мезгил

  Бүгүн, 30-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында коронавирус илдетинин жайылышына бөгөт коюу максатында өлкөгө киргизилген өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал боюнча Өкмөттүн маалыматы угулуп, эл өкүлдөрү бир катар суроолорду беришүүдө.

 Депутат Кубанычбек Нурматов акыркы айларда коронавирус илдетинен сегиз адам каза болсо, ал эми 5289 адам башка оорулардан көз жумганына токтолду. Анын ичинен рак илдетинен эки ай ичинде 700дөн көп адам көз жумганын кошумчалады. “Андыктан башка ооруларга да каршы күрөштү күчөтүү керек”, – деди эл өкүлү.

Ал эми депутат Евгения Строкова дагы кесиптешинин сөзүн улай, гепатиттен каза болгондор саны өсүп жатканын белгилеп, гепатит B, гепатит C илдеттерине чалдыккандарды дароолого өзгөчө көңүл буруу керектигин айтты.  

“Алар көмүскөдө калып дыкат көңүл бурулбай калгандыктан каза болгондордун саны өсүүдө”, – деди депутат.

Ошондой эле жеке баракчасына кайрылган дарыгерлердин сунушун өкмөткө жолдоп: “Ош шаарына барган дарыгерлер учурда кайтып келүүгө жол кире таппай жатышыптып. Андыктан саламаттык сактоо министрлиги муну өз көзөмөлүнө алсын”,– деди Евгения Строкова.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *