Депутаттар Кыргызстандын бир катар чет өлкөлөрдөгү элчилерин дайындоого макулдугун берди

Мезгил

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстандын АКШ, Россия, Кытай, Түштүк Корея сындуу бир катар өлкөлөрдөгү жаӊы элчилерин дайындоого макулдугун берди.

 Натыйжада Кыргызстандын Кытайдагы элчилигине Канайым Бактыгулованын, Россиядагы элчилигине Аликбек Жекшенкуловдун, Түштүк Кореядагы элчилигине Динара Кемелованын, АКШдагы элчилигине Болот Отунбаевдин талапкерлиги жактырылды.

 Депутат Каныбек Иманалиев 2015-жылы АКШ менен кызматташуу келишими бир жактуу жокко чыгарылганын эске салып, жаӊы келишим түзүү чараларын тездетүү зарылдыгын белгиледи.

Белгилей кетсек, Динара Кемелова учурда тышкы иштер министринин биринчи орун басары болсо, Болот Отунбаев Кыргызстандын Россиядагы элчиси болуп иштеп келет. Канайым Бактыгулова 2013-2017-жылдары Кыргызстандын Кытай менен Монголиядагы элчиси болуп иштеген. Аликбек Жекшенкулов мурда Кыргызстандын Австриядагы элчиси болуп эмгектенген.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *