Депутаттар Саламаттыкты сактоо министрине Сабиржан Абдикаримовдун талапкерлигин жактырды

   Мезгил

Бүгүн, 1-апрелде парламенттик коалициялык көпчүлүк (КСДП, “Кыргызстан”, “Бир-Бол” “Республика-Ата-Журт”) саламаттыкты сактоо министрлик кызмат ордуна Абдикаримов Сабиржан Токтосуновичтин талапкерлигин жактырды.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өз каалоосу менен КР саламаттыкты сактоо министрлик кызматын тапшырган Космосбек Чолпонбаевдин ордуна Республикалык карантиндик жана жугуштуу оорулар борборунун жетекчиси катары иштеген тажрыйбасын эске алуу менен коронавирус илдетинин глобалдык коркунучунун шартында саламаттыкты сактоо тармагындагы маселелерди чече аларына ишеним артып Абдикаримов Сабиржан Токтосуновичтин талапкерлигин сунуштап жатканын белгиледи.   

Сунушталган талапкерди колдоо тууралуу парламенттик коалициялык көпчүлүктүн чечими Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин кароосуна жөнөтүлдү.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *