Депутаты Чойбековдун карызын эмне үчүн карапайым калк төлөшү керек?

Мезгил

Ѳкмѳт жакында парламенттин кароосуна 6 мамлекеттик мекеменин, 19 менчик ишкананын 2 миллиард 237,2 миллион сом карызын кечүүнү сунуштады. Тактап айтсак, 1992-2000-жылдарды жогорудагы ишканалар Япония, Россия, Германия, Нидерландия, Түркия, Индия мамлекеттеринен, Азия өнүктүрүү банкынан жана Дүйнөлүк банктан  ошол мезгилдеги курс менен эсептегенде 553 миллион 794 миң сом насыя алышкан. Убагында жогорудагы карыздын 30 пайызынан гана төлөнүп, калганы төлөнгөн эмес.  Жыйынтыгында азыр эми карыздар ѳсүп, айып пулдар кошулап, мамлекет 4-5 эсселеп тѳлѳѳгѳ мажбур болууда.

Иса Өмүркулов 2017-жылдан бери карызын кечип бергиле деп жаткан ишканалар кимдерге таандык? Мамлекеттик ишканалар го мейли бирок 19 жеке менчик ишкананын карызын өкмөт тарабынан эмне үчүн кечилипп, күркүлдөр алган карыз карапайым калктын эссебинен тѳлѳнүшү керек? Депутаттар чарчабай кѳтѳрүп жаткан бул маселенин себеби ишканалардын кѳбү саясатчылардыкы жана алардын жакындарына таандык ишканалар болгондугунда болуп жүрбѳсүн деген суроо жаралбай койбойт.

Мисалы, жарым миллиард сомдон ашуун карызын “кечип бергиле” деп жаткан “Касиет” камволдук – жип ийрүү фабрикасы” “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Руслан Чойбековго тийешелүү.

Аталган ишкананы Чойбеков 2018-жылдын апрелинде мандат алып жатып директорлукту Урмат Жолдошбековго өткөрүп, өзү негиздөөчү катары калган эле. Ал эми ушул жылдын 28-июнь күнү аталган ишкана кайрадан каттоодон ѳтүп негиздѳѳчү Жолдошбеков болуп жазылган.

Буга чейин аталган компаниянын негиздөөчүлөрү “Кыргызстан” фракциясынын негиздѳѳчүсү арак магнаты  Шаршенбек Абдыкеримовдун апасы Ырысбүбү Абдыкеримова жана Чолпон Исмаилова эле.

 

 

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *