Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы саламаттык сактоо министрлигине бир күндүк айлыгын которду

Мезгил

Кыргызстандын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын кызматкерлери коронавируска каршы күрөшүүдө жардам көрсөтүү максатында Саламаттык сактоо министрлигинин эсебине бир күндүк айлык акыларын которушту. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков бир айлык маянасын атайын эсепке которсо, ал эми  “Бир Бол” фракциясынын депутаттары коронавирус менен күрөшүүдө алгачкы жардам катары бир айлык маянасын Саламаттыкты сактоо министрлигине которгон.

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *