ДКО: Билеттер сатылып бүттү

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине билеттер сатылып бүттү. 

Маалымс болгондой,  жалпысынан 9,5 миңдей билет чыгарылса,  анын 5 миң 700 даансы накталай сатылды.

Калгандары чет мамлекеттен келгендерге,  президенттин, өкмөттүн атынан, спортчуларга, аймактагыларга, демөөрчүлөргө деп катчылык өзүнчө квоталык орундарды алган.

Белгилей кетсек, Үчүнчү Дүйнөлүк  Көчмөндөр оюндары Чолпон-Атада 2-сентябрда башталып, 8-сентябрда жыйынтыкталат. Билет баасы 400дөн 4 миң 900 сомго чейин сатылууда.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *