ДКО: Конокторго 1,75 миллион сом сарпталат

Мезгил

Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыялангандай, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына келе турчу VIP-меймандар үчүн Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекция 1,75 миллион сом жумшайт.   

Маалым болгондой, бир жана эки орундуу бөлмөлөргө 50 конок жайгаштырылат. Мындан тышкары, 200 адамга ылайыкташтырылган банкет залы болушу керек.

Маалымат боюнча, төлөмдөр катышуучулардын санына карата жүргүзүлөт.

Мейманканада жарыктандыруу системасы мыкты болуп, жеңил унаа жана автобустар үчүн чоң унаа токтотуучу жайы болушу керек. Мындан тышкары, эл аралык келишимдерди түзүүгө, конференция өткөрүүгө жай болуп, ат майданынан алыс эмес жайгашуусу тийиш.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *