Дмитрий Кобицкий: Кыдыр Аке сыяктуу кылымдар бою калкынын эсинен кетпей турган залкарлар саналуу гана

Мезгил

Биз бүгүн акылман саясатчынын, элинин сый-урматына татып, “Аке” деген асыл наамды алып жүргөн кадырман адамдын бюсттун кабыл алып жатабыз. Мындай пикирин КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын Башкы катчысынын милдетин аткаруучу Дмитрий Кобицкий билдирди.

Дмитрий Кобицкий Кыдыр Аке Байсары уулунун бюстту Санкт-Петербург шаарындагы Таврия сарайында татыктуу орунга ээ экенин айтты.

-КМШга мүчө мамлекеттердин парламенттери тарабынан Шериктештикке кирген өлкөлөрдүн белгилүү тарыхый инсандарынын бюсттарынын КМШ ПААга берилиши жагымдуу салтка айланды. Биз бүгүнкү күндө Таврия сарайында мамлекеттер аралык байланышты бекемдөөгө жана улуттар ортосундагы ынтымакты арттырууга зор салым кошкон инсандардын бюстунун галереясы түзүлдү деп айта алабыз.

 

Ар бир элде тарыхый улуу инсандар бар. Алардын катарында Кыдыр Аке сыяктуу кылымдар бою калкынын эсинен кетпей турган залкарлар саналуу гана -деди Кобицкий.

Ал эми  Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз кыргыз жана орус элинин эки тараптуу алакасынын өнүгүшүнө Кыдыр Аке зор салым кошконун баса белгиледи.

-Таврия сарайына Кыдыр Акенин бюстун сыймыктануу менен тапшырып жатабыз. Борбор Азия чөлкөмүндө таанымал адамдар арбын, бирок биздин жердешибиз Кыдыр Аке Евразиялык алкактагы инсан, – дедиэл өкүлү

Депутат Бактыбек Турусбековдун көз карашында бул салтанат парламенттер аралык кызматташтык алкагындагы маданий-гуманитардык байланыштын жөнөкөй бир жүйөсү гана эмес, боордош элдердин достугун чыңдаган улуу инсанга карата көрсөтүлгөн сый.

Ал эми Кыдыр Акенин небереси Ишембек Кыдыров иш-чаранын жогорку деңгээлде өткөнүнө ыраазычылыгын айтып: “Мен чоң атам Кыргызстан менен Россиянын дипломатиясына жол ачкан инсан катары эки мамлекеттин элинин эсинде сакталып келет”, – деди.

Бүгүн Россиянын Санкт-Петербург шаарындагы Таврия сарайында көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясына Кыдыр Байсары уулунун (Кыдыр Аке) эстелик бюстту берилди.

Кыдыр Аке Байсары уулу – ХIХ кылымдагы кыргыздын белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмери, көсөм саясатчысы. Ал он сегиз жашында Арык уруусунун башчылыгына шайланып, аймакты 20 жылдай жетектеген.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *