Дональд Трамптын башын алууга 80 миллион доллар сунушталды

Мезгил

АКШ президенти Дональд Трамптын башын алууга 80 миллион доллар сунушталды. Бул тууралуу Ирандын мамлекеттик телеканалында айтылды.

Маалыматка ылайык, мындай маалымат бүгүн  генерал Касем Сулейманини акыркы сапарга узатуу зыйнатында айтылган.

Телеканалдын айтымында Иранда 80 млн калк жашайт. Алардын ар бири бир доллардан чогултууга мүмкүн экендиги айтылат. Ошондой эле чогулган акча Американын президенти Дональд Трампты өлтүрүүгө берилет.

Белгилей кетсек,   3-январда Иранда экинчи таасирдүү адам болгон генерал Касем Сулеймани АКШнын президенти Дональд Трамптын буйругу менен өлтүрүлгөн.

 Маркум генерал өлкөсүндөгү бийликтин иерархиясында турган эң таасирдүү жана кадыр-баркы жогору адамдардын катарында болгон.  2016-жылы президенттикке талапкерлердин бири катары каралган. Анын өлүмү Иранда гана эмес, бүт аймактагы абалга таасир бериши ыктымал.

Булак: Мезгил ньюс 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *