Досалы Эсеналиевдин эми президенттик аппаратты жетектөөгө моралдык укугу барбы?

Мезгил

Президент Сооронбай Жээнбековдун Москвага Улуу Жеңиштин салтанатына арналган парадга барып, бирок, катыша албай калганы коомчулуктун катуу сынына кабылды. Ажобуз ушунча маанилүү сапарга аттанган соң айланасын бир карап, ат кошчуларынын канын бул жактан текшертип койсо болбойт беле?

Бараары менен айланасындагы вазирлердин экөөнөн аты жаман ылаңдын чыкканы анын коңшу өлкөлөрдүн президенттеринин жанынан орун алууга мүмкүнчүлүк бербеди. Кыргыз коомчулугу экрандан көзүн албай, ажолордун жанынан өзүнүн ханын канчалык издешкени менен анын карааны көзгө чалдыккан эмес. Көп өтпөй анын жогорудагыдай себеп менен улуу салтанатка катыша албагандыгы тууралуу маалымат Ала-Тоо ичин гана эмес, бүтүндөй дүйнөнү каптап кетти.

Албетте, бул атайылап жасалган жок го? Ошентсе да президенттик аппарат сапарга аттанаарда президенттин жоо-жарагын тыңгылыктуу белендеп, баарысын шайма-шай кылышы керек эле да, туурабы? Өзгөчө ажонун оң колу катары сыпатталган Досаалы Эсеналиев бул жагына эмнеге көңүл бурган эмес?

Тымпыйып алып, кирди-чыкты айлык алганына курсант болбой, ажонун ар бир баскан кадамына жооп бериши керек да. Же бул эргул президенттин атынан жыйындарга куттуктоо сөз сүйлөш үчүн эле барабы? 

Коомчулук, жарандык активисттер ажонун айланасындагылардын мындай мажирөөлүгүнө кескин сын-пикирлерди айтышууда. Мындай кемчиликтерден соң Досалы Эсеналиев командасы менен дароо кызматын тапшырып кетпесе болбойт го? Кечирилгис катага жол беришип, президентке саботаж жасагандай түз берип жатышкан соң мындан ары кызматтарында калганга моралдык жактан укуктары деле калбады да. Чынбы? Кетишсин!     

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *