ДССУ Кыргызстанга 100 кычкылтек концентраторун берди

   Мезгил

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Кыргызстанга 100 кычкылтек концентраторун берди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

 Маалым болгондой, көрсөтүлгөн жардамдын жалпы суммасы 59 миң долларды түзөт.

“Кычкылтек концентраторлору респиратордук жугуштуу ооруларды дарылоодо чоң мааниге ээ. Концентраторлор канында кычкылтектин деңгээли нормадан төмөн түшүп кеткен COVID-19 илдети менен ооруган оор абалдагы бейтаптарды таза, жогорку сапаттагы жана тиешелүү концентрациядагы кычкылтек менен камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Аталган каражаттар Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн өтүнүчү боюнча COVID-19 илдетине каршы иш-аракеттерди колдоо максатында берилди. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги кычкылтек концентраторлорун өлкөдөгү ооруканаларга бөлүштүрүүнү пландаштырууда”, – деп билдирет министрлик.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *