Ээрчишип кеткен эки эрен же идеологиялык өксүк

   Мезгил

    Эл сүймөнчүгү төкмө акын Элмирбек Иманалиев менен залкар акын Зайырбек Ажыматовдун мезгилсиз дүйнө салышы маданияттын эле эмес, улуттун жоготуусу болду. Элмирбектей талант эми кайра качан жаралары чоң суроо. Ал өз чыгармачылыгы менен элдин сүймөнчүгү гана эмес, улуттун абийири, ар-намысы болгон деңгээлге көтөрүлүп кеткенин адаттагыдай кеч сезип, өкүттө калдык. Мына эми Зайырбек менен Элмирбектей эки таланттын кыркы да өттү. Азыр ойлосом алар өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалга, коомдогу коррупция, параколук ж.б. көйгөлөргө жаны ачый берип, өлүмүн тездетип алышкандай. Элмирбектин чыгармачылыгы, элим деп күйгөн жүрөгү жөнүндө айтып жазып жатабыз, ал жөнүндө келечекте дагы көп публицистикалык эле эмес, илимий эмгектер жазылат. Буюрса, Зайыр «Нөлү көп жылдарды» жазуу менен 2000-жылдан 2020-жылга чейинки өлкөдөгү саясый, социалдык абалды, эл бийлеген элитанын дараметин, кыскасы, 20 жылдык процессти поэзиянын ыкмасы менен төрт саптарга батырыптыр. 

Мен бул макаламды алардын өлүмүнө байланышкан улуттук ар-намыска чагылгандай тийип, жүрөктү жебедей тепчип өткөн терс көрүнүшкө арнагым келди. Аны акыркы сапарга узатуу зыйнатына удаа кыргыздын бир маңкурт чалыш жигити өзүнүн дөдөй-түркөй кайрылуусун соцтармакка жүктөп, ансыз да жараланып турган жүрөктөрдү канатып, жан-дүйнөнү сыздатып, улуттун бетине жаба түкүргөндөй эле болду. Буга соцтармактардагы адаттагы “шалп этмей, балп этмейлер” катары кайдыгер болуп коюуга болбойт. Эгер ушундай эле көрүнүш Арабияда, Чеченстанда же коңшу эле өзбек, тажиктерде болсо элдик реакция жана күнөөкөрдү жазалоо кандай болор эле? Айтып болбойт. Кеп ал маңкурттун жазаланышында, кечирим сурашында эмес болуп калды. Маселе: Мындай маңкурттук оору жыл өткөн сайын оожалып, «улуттук организмди» туш-тараптан кемирип-кертип, иритип-чиритип келе жатканында. Мисалга, эки жылдан бери март айында феминисттердин көргөзмөсү, флешмобу өткөнүн көрүп, жер сабап, каргап-шилеп жатып калабыз. Ал эми Кыргыз-Америка университетинде дээрлик ал түзүлгөндөн бери 14-февраль сүйүү күнүндө бир жыныстуу «жуптардын» сулуулук конкурсу болуп келгенине көңүл бөлгөн жан жок.

Ошентип, бүтүндөй бир массалык катмар келечегине, өз өкмөтүнө, бийлигине, мамлекетине болгон ишенимди жоготуп, анан ошол ишенимди динден таап, Азамат деп атасы койгон атын Абдуллах, Адыл атын Абубакр кылып, кайра өзү өзгөртүп коюп жаткан ата-бабадан калган нарк-насилин чанып, Араб менен Пакистандын дамбалын кийин, отузга чыгып-чыкпай батек сакал коюп жердин асты, асмандын үстү жөнүндө барып келгендей көчөмө-көчө кыдырып, ыңгайы келсе атасын бурчка такап, акыл үйрөтүп жаткан жаштардын жүрүм-турум сыяктуу процессттерге мамлекеттик денгээлде маани бербей, көйгөйлөрдүн келип чыгышы эмес, жыйынтыктарына чычалап, чурулдап жатып калчу адат таптык.  

Албетте, кайсы динди тутунары адамдын өз эрки. Бирок, ошол диний ишеним мамлекетүүлүккө шек келтирген, улуттун рухий уңгусуна доо кетирген деңгээлге чейин өсүп чыкканы кооптуу. Ал аз келгенсип, түндүк-түштүк, айылдык-шаардык, “мырк-сырк” болуп бөлүнгөнүбүзчү? Ооба, ошондой бөлүнүү бар. Таза шаардык «киргизде» такыр башка дүйнө тааным, айылдык кыргыздын аң-сезими такыр башка. Анан ушундай идеологиялык чаржайыттык өкүм сүргөн коомдо ынтымак-ырашкерлик, улуттук кайра жаралуу мүмкүнбү? Албетте, мүмкүн эмес. Эне тилге байланышкан көйгөйлөр, мамлекеттик органдардын тил маселесине карата «кожо көрсүн саясаты» ушуга алып келди.

Улут маселесине байланышкан дагы бир жагдай. Бизде сексенден ашык улут жашаса да (саналуу айрымдарын гана эске албаганда) кыргыз жеринен тоюнуп, оожалып, агарып-көгөрсө да дилин бербей, «бириң өлүп, бириң кал» дегендей койнундагы котур ташын катып, тымызын бут тосуп келишкени бар. Мына ушунун баары улуттук идеология деген тутум аркылуу жөнгө салынышы керек эле. Бизде болсо ошол миссияны аткара турган аткаминер бир кезде мамлекеттик катчы болуп турганда: «Мен идеология дегенге түшүнө бербейм, ал кармалбаса же көзгө көрүнбөсө» – деген жайы бар. Муну кыргызда «жаманыңды билип алдым, жайытыңа кирип алдым» деп коет.

Эгемендик алгандан бери биз ар-намысыбызга келип, улут катары уюмак тургай, туш тарабынан деградацияланып, кедерибизден кетип, келчү жерге келип калдык.

Саясат таануу илиминде «саясий социалдашуу» деген түшүнүк бар. Анын маанисисаясый мамилелерге толук укуктуу катышуучу болууга инсанга мүмкүндүк берген, белгилүү билимдерди, баалуулуктарды, нормаларды өздөштүрүү процесси. Саясый социалдашуу мурунку муундагы адамдар чогулткан социалдык тажрыйба менен аны социалдык субъект катары калыптандыруу жалпы процессинин компоненти, бир тарабы болуп эсептелет. Адам баласы бала бакчага баргандан баштап мектеп, коллеж, ЖОЖ сыяктуу окуу жайларында ушул процессти башынан өткөрөт. Улуттук баалуулуктарды, кызыкчылыктарды, улутка тиешелүү каада-салттын эрежелерин дал ошол курактарда кулактарына кумдай куюп жүрүп отуруп улуттук идеолгияны улуттук аң-сезимге сиңирсе болот. Эки жыл мурун Өзбекстанга барып, чыныгы улуттук идеология кандай болорун, мыкты ыкмалар, механизмдер менен ширелишкен күчтүү идеология керек болсо экономиканы, социалдык тармакты, жалпы эле мамлекетти алга сүрөп кетчү кудуретке ээ экенин байкадым.

Ал эми бизде кандай? Мамлекеттик, эл аралык, менчик макамдарга ээ окуу жайларында адистиктен башың адашат. Анан калса «Европа таануу», «Америка таануу», «Кытай таануу», «Жапон таануу», «Корей таануу», «Араб таануу», «Чыгыш таануу», «Батыш таануу» деген адистиктер бар. Парадокс ушунда – кыргыз өзүн тааный элек. Кыргыз өзүн тааный элек болгону үчүн жогорудагы жигиттей оозуна алы жетпей, улут сыймыгы болгон Элмирбекке асылып, «ну и что, умер один чувак» деп келжиреп, бөтөн элдин маданиятын, нарк-насилин сокур туурап сыйынып жатышат. Айрым карындаштардын тобу эки жылдан бери «биз чай куйганга, үй жыйнаганга милдеттүү эмеспиз!» деп музейдеги көргөзмөгө ич кийимдерди илип, эси-жоктугун көргөзгөндө деле намысыбызга келген жокпуз. Кайра аларды тымызын колдоп, «демократиялуу ачык коомдо ар түрдүү көз караштар, дүйнө таанымдар болушу керек” деп чыгышты ашынган либералдар. Керек болсо экс-президент Роза Отунбаева баш болуп, укук коргоочулар төш болуп, ал көрүнүшкө нааразы тараптарды «мырктар, колхоздор» деп каарып өттү.

«Улуттук идея эне тилден, эне тилге болгон мамиледен башталат» десең, «тил казаныңа аш салып береби? Өлкөнүн өнүгүшүндө улуттук тилге болгон мамиленин эмне тиешеси бар?» дейт технарь чалыш айрымдар. Өткөндө бир учурларда улутчул болумуш болуп жүргөн Азимбек Бекназаров: «Тил – это не важно» деп чыкты, өз кызмат даражасын бажарыш үчүн…

Улуу ойчул Конфуцийден «Сиз падышаларга кенеш берип, мамлекетти башкарууга салым кошуп келесиз. Сизди сыйлашат, баары урматташат. Эгер өзүңүз мамлекет башчысы болсоңуз ишти эмнеден баштаар элеңиз?» деп суроо узатышса ойчул: «Албетте, тилден баштамакмын! Тил бузулса ой бузулат, ой бузулса аракет бузулат, аягында бүтүндөй мамлекет сай таппай калат» деген экен.

А бизде эмне болду? Кыргыз тили мамлекеттик тил болгонуна 30 жыл болсо да эне тилибиз провинциалдык деңгээлден көтөрүлө албай, илимдин, техниканын тили болуу деңгээлине жете албай келет. Бизде президенттин алдында Мамлекеттик тил комиссиясы, ар бир ЖОЖдо мамлекеттик тил боюнча проректор, ар бир орто окуу жайында директордун орун басары, министрликтер менен мекемелерде мамлекеттик тил боюнча бөлүмдөр, адистер жетиштүү. Ушундай органдар, штаттар жок эле өзбек эли өзбек тилине төрдөн орун берип, ыйык тутуп алганын көрүп намыстанасың.

Кыргыз Республикасына коншу өлкөлөрдөн канча улут ооп келсе, Өзбекстан Республикасына да мурунку эле эки кылымда уйгур, дунган, калмак-жунгар, орус, еврей ж.б. улуттар келип жайгашып жашап калышкан. Эң маанилүүсү – ошолордун дээрлик баары өзбек улутуна сиңишип, өзбек болуп кеткен. Керек болсо еврейлерин да өзбек тилинде сүйлөтүп салышканына таң каласын. Бизде болсо Кыргызстанда жашаган башка улуттарды коёлу, «киргиздерибиз» өздөрү кыргыз тилин үйрөнгүсү келбей мурдун чүйрүп, бирдеме деп акыл айтсаң тигинтип шалбырата сөгүп баса беришет.

Ушул улуттук идеологияны коомго сиңирип кетүүнүн жакшы жолу – жогоруда сөз болгон адамдын саясый социалдашуу процессин бала бакчада, мектепте, орто, жогорку окуу жайында, сабактар, атайын курстар, интеллигенция арасында көчмө окууларды уюштуруу менен ишке ашырса болот. Ал үчүн Кыргызстандын билим берүү системасынын өзөгүн этнопедагогика түзүшү керек. Бул багытта билим берүү министрлигинен башталган процесс ар бир окуучуга, студентке мээсине куюлуп, жүрөгүнө жеткидей идеологиялык усулду иштеп чыгыш керек. Ошондо гана улуттук духта тарбияланган, каада-салт, нарк-насилден кабары бар, баалуулук багыттамалары бекем муунду калыптандырууга болот. Аны ишке ашырыш үчүн адамдык көрөңгөсү бай, рухий дарамети күчтүү үркөрдөй топ бар. Ошолорду ишке салыш керек. Андай аракет мамлекеттик деңгээлде башталбаса улуттук дөөлөт, нарк-насил кедерине кеткени кеткен. Акыр аягында ал улуттук кызыкчылыкка урулган сокку. Ал эми биз ээрчишип кеткен эки эрендин улуттук идеянын «рупору» болуп бермек болгонун адаттагыдай кеч түшүнүп, эрдибизди тиштеп отуруп калдык.

Чолпонбек СЫДЫКБАЕВ, саясый илимдердин кандидаты, доцент, докторант.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *