Эгемен болгондон бери 7,3 миллиард $ насыя, 2,8 миллиард $ грант алыптырбыз

  Мезгил

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин жыйынында депутат Сайдулла Нышанов Кыргызстандын 124 миллиард сом насыясы бар, анын 104 миллион сому энергетика тармагына жумшалып, максатсыз пайдаланылып жатат деп чыкты. Электр энергиясына болгон 77 тыйын жана  2,16 сом төлөмдү өлкөнүн электр колдонгон бардык жарандары төлөшөт. Иштен майнап чыгаруу үчүн жана пайда табуу максатында жалпы бирдиктүү тариф колдонууну сунуштады депутат.

Бул суроого өкмөтөн Экономика министри Санжар Муканбетов жооп берди. Анын айтымында Кыргызстан киндигин кесип Эгемендик алгандан бери 7,3 миллиард доллар насыя алган. Ошондой эле 2,8 миллиард долллар грант алыптыр. Ал эми энергия тармагына 2 миллиард 147 миллион доллардык насыя жана грант жумшалган.

Кыш күрөөдө турганда Сайдулла Нышанов электр тогуна болгон төлөмдү кымбататкысы келип жатабы?

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *