Эгемендүүлүккө 28 жыл. Кубанычбек Кадыров: Эң негизи коррупция менен күрөшүү ачык айкын, катуу жүрүп жатат

   Мезгил

  Быйыл, 2019-жылы эгемендүүлүктү алганыбызга 28 жыл толду. Чейрек кылым аралыгында өлкөбүз эркиндикке жетип, дүйнө жүзүнө Кыргызстан деген ажайып мамлекет бар экендигин таанытып, 28 жыл ичинде чыйралып, мамлекет өнүгүүнүн туруктуу жолуна түштү десек да болчудай. 

Советтер союузу кулагандан кийин Кыргызстан башка өлкөлөргө караганда алгачкылардан болуп саясий эгемендүүлүккө жетишти. Легендарлуу парламент тарабынан адегенде эгемендүүлүк тууралуу декларация, андан соң 1991-жылы 31-августа көз карандысыздык тууралуу мамлекеттик мыйзам кабыл алынды.

Ата бабаларыбыз эңсеп келген эгемендикке жеткенден бери Кыргызстан эмнелерге жетишип, эмнелерден артта калды? Бул тууралуу Кыргызстандагы саясатчы, коомдук ишмерлер эмне дейт?

Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын депутаты Кубанычбек Кадыров Кыргыз мамлекети эгемендик алгандан берки кемчилиги эки револиция болгонун айтса, ал эми жетишкенидигибиз тынчтык жол менен көз карандысыз мамлекет болгонубуз деп санайт.

 – Эң биринчиден Кыргыз элимди, кыргызстандыктарды эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн куттуктаймын! Мамлекетибиздин өнүгүп өсүшүн, тынчтык болуп, дүйнөлүк мамлекеттердин катарына киришине тилектешмин! Эл-журтума аманчылык бакубат жашоо каалаймын!

Ал эми Кыргызстан мамлекети эгемендик алгандан бери жетишкендигибиз, тынчтык жол менен көз карандысыз мамлекет болгонубуз! Кемчилигибиз жөнүндө айтып кете турган болсок, эки революция болуп максаттарыбызга жетпей жатканыбыз! – деди ал.   

Ошондой эле  мурдагы депутат президент Сооронбай Жээнбековдун ишмердүүлүгүнө оң баа берип, жакшы реформалар башталды деген ойдо.

 – Урматтуу Сооронбай Шарипович! Президент болуп келгени эл-журтубузда үмүт пайда боло баштады. Сырткы, ички саясатыбыз жакшы жолго түшө баштады. Чоң-чоң инвестициялар келе баштады десем болот. Ошондой эле жакшы реформалар башталды. Аймактарды өнүктүрүү боюнча жылыштар да бар. Эң негизи коррупция менен күрөшүү ачык айкын, катуу жүрүп жатат – дейт мурдагы эл өкүлү.

Булак: Мезгил ньюс   

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *