Эх, балет, балет… XX кылымдын балет генийине арналган эл аралык фестиваль өтөт

Мезгил

Балет сүйүүчүлөрү үчүн жакшы жаңылык. Борбор каалабызда 14-ноябрдан 17-ноябрга чейин “Балет, балет…” деген аталыштагы эл аралык фестиваль ѳтѳт.  Аталган иш чара кыргыз балеттинин тарыхында легендага айланган, XX кылымдын балет генийи, СССРдин эл артисти Чолпонбек Базарбаевдин 70 жылдыгына арналат.

Аталган фестивалга Росия, Казакстан жана Кыргызстандын белгилүү бийчилери катышат. Программа дүйнѳлүк балет классикасынын шедеврлеринен жана балет сүйүүчүлѳрүн кайдыгер калтырбай турган мыкты чыгармалар менен коштолот. 

14- ноябрь

Эл аралык фестивалдын биринчи күнү М. Раухвергердин «Чолпон” спектакли менен ачылат. Мында  кыргыз элинин белгилүү бийчилери Зарина Мухаметшина (Чолпондун), КР эмгек сиңирген артисти Асель Айдарова (Айдайдын), Эл аралык сынактардын лауреты Марат Сыдыков (Нурдиндин) ролдорун аткарышат.

15- ноябрь

Фестивалдын экинчи күнү.  Бул күнү балет сүйүүчүлѳр Адольфа Адананын  “Жизель” чыгармасын Россиянын жана Кыргызстандын белгилүү бийчилеринин коштосунда кѳрѳ алат.

16 – ноябрь

Фестивалдын үчүнчү күнү.  Бул күнү Кыргыз опера жана балет театры  П. Чайковскийдин легендагы айланган “Лебединое озеро” спектаклин тартуулашат.   

17 – ноябрь

Бул күнү Россиянын, Казакстандын жана Кыргызстандын белгилүү бийчилеринин коштосунда гала концерт менен фестивалдын жабылыш аземи болот.

Фестивалдын коноктору   

  • Канат Надырбек уулу -премьер-балет, белгилүү Мариинск театрынын солисти, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти,
  • Олеся Росланова жана Анатолий Соя – “Кремлевский балет” театрынын солистери
  • Даниил Росланов – “Кремлевский балет” театрынын солисти, премьер-балет.
  • Гаухар Усина жана Таир Гатауов –Казах Республикасынын эмгек сиңирген ишмери, “Астана Опера” мамлекеттик опера жана балет театрынын солисты. 

Концерттин дирижёру-КР эмгек сиңирген артисти, А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы дирижёру Нурматбек Полотов.

Билет баалары 500сомдон 2000 сомго чейин.

СССРдин эл артисти Чолпонбек Базарбаев Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын алдынкы балет бийчиси болгон. Орусия Федерациясынын президентинин маданият боюнча кеңешчиси Михаил Швыдко баса белгилегендей “Бийдин кудайы” – Чолпонбек Базарбаев 1949-жылы 4-февралда Нарын облусуна караштуу, Кочкор районунун Кум-Дөбө айылында жумушчунун үй-бүлөсүндө төрөлгөн.

Чолпонбек Базарбаевди дүйнѳ жүзү  Кыргызстандан чыккан жөнөкөй бийчи катары эмес кайталангыс талант катары тааныды. Анын улуттук балет өнөрүн дүйнөлүк бийиктикке көтөрүүгө салым кошконун эч ким тана албайт. Ал таш-талканы чыккан  Советтер Союзундагы он беш республика сыяктуу Кыргызстан дагы кыйын кезеңде турганда Маданият министрлигин жетектеп эле тим болбостон, чет жердеги тааныштарына кадыр-баркын салып, кыргыздын көркөм өнөрүн, маданиятын сактап калууга зор күч-кубатын жумшаган.

Кыргыздын талантуу уулу  2002-жылдын 2-сентябрында автокырсыктан көз жумган.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *