Екатеринбургдан Бишкекке 218 кыргызстандык келди

  Мезгил

Бүгүн, Екатеринбургдан Бишкекке 218 кыргызстандык алып келинди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, чартердик каттам менен учууга жарандардын тизмеси Башкы консулдукка түшкөн кайрылуулар менен түзүлгөн.

Анын арасында кош бойлуу аялдар, жаш балдар, Россияда окуп жүргөн студенттер бар.

Ошондой эле Бишкекте коронавирус менен күрөшүүгө жардам берүү үчүн ыктыярчы кыргыз дарыгерлери менен медайымдары келди.

 Мындан тышкары бул каттам менен башкы консулдуктун жарандык активисттери жана кызматкерлери тарабынан гуманитардык жардам катары жалпы суммасы 4300 долларды түзгөн кычкылтек концентраторлорун, глюкометрлер, пульсикометрлер жана жеке коргонуу каражаттары жиберилген.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *