Эки сөздү эптей албаган Тазабек Икрамов “Билим берүүнүн отличниги” наамына татыктуубу?

   Мезгил

“Билим берүүнүн отличниги”  наамын алган Тазабек Икрамов “ассамблея” деген сөздү айта албай кайрадан коомчулуктун талкуусунда калды.

Депутат буга чейин  “гомосексуализм” деген сөздү айта албай сынга кабылган болсо, андан көп өтпөй эле “эл аралык” деген сөзгө да тили сынган. Бул интернет колдонуучулардын кыжырын келтирди. Ал эми  депутат болсо “Билим берүүнүн отличниги” наамын татыктуу алгам дейт.

Ал буга чейин бул наамы туурасында “Министрлик эмгегимди баалап сыйлык бергени өзүмө деле күтүүсүз болду. Бир жагынан жакшы. «Билим берүүнүн мыктысы» болуу үчүн сөзсүз эле мугалим болуп иштөө керек деген эмес. Эки жыл Жалал-Абадда спорт институтунда мугалим болуп эмгектендим. Бирок коомчулукта эки жылдык эмгек тажрыйбасы менен сыйлык берилеби деген талкуулар болду 2004-жылдан бери атамдын атында жаштар арасында спорт мектеби ачылган. Учурда ийгиликтүү иштеп жатат. Сыйлыкка татыктуу эле болсом керек” деген пикирин айткан депутат.

Ал эми юридика илимдеринин доктору, профессор Кайрат Осмоналиев Коопсуздук Кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаевден Жогорку Кеӊештин депутаты Тазабек Икрамовдон «Эл агартунун отличниги» наамын алып салууну өтүнгөн.

 “Бул сыйлык берүүдө – көз көрүнө мыйзам бузуу болгон”-дейт Осмоналиев.  

Эске сласак, Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов “Кыргыз Республикасынын Билим берүүнүн отличниги” төш белгиси менен сыйланган.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *