Эколог, профессор Эмил Шүкүров 81 жашында дүйнө салды

  Мезгил

Эколог, профессор, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген илим ишмери Эмил Шүкүров 81 жашында кайтыш болду. Бул маалыматты өкмөт башчынын басма сөз катчысы Чыңгыз Эсенгулов тастыктады.

 Эмил Шүкүров 1938-жылдын 19-январында Бишкек шаарында туулган.

   Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, Нью-Йорк ИАнын академиги, Кыргыз мамлекеттик университетин (1960), Москва мамлекеттик университетинин аспирантурасын (1962) бүткөн.

УИАнын Философия жана укук институтунда кенже, ага ил. кызматкер, директордун орун басары, КММИде окутуучу жана УИАнын Биология жана топурак таануу институтунда лаборатория башчысы, директордун орун басары, директор, Кыргызстан Эл аралык университетинде декан болуп эмгектенген.

 2000-жылдан Борбордук Азиядагы биол. ар түрдүүлүктү сактоо боюнча транс чегаралык аймактын долбоорунун ил. кеңешчиси. Зоология, философия, зоогеография, экология боюнча 250дөн ашык ил. эмгектин, а. и. 10 монографиянын, 17 картанын автору.

Негизги эмгектери: «Концепция дополнительности и проблема общения» (1972), «Птицы еловых лесов Тянь-Шаня» (1986), «Зоогеографическая карта Кыргызстана» (1990), «Природная и антропогенная среда Кыргызстана» (1991), «Комлпексная интегральная оценка территории в целях экологически обоснованного устойчивого развития»  (1997).

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *