Экотехинспекциянын жетекчиси кызматтан алынабы?

Мезгил

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын башчысы Жолдошбек Жунушевди кызматынан четтетүү сунушталды. Бул тууралуу маалыматты Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев билдирди.

 Сагынбаевдин айтымында Жунушев жетектеген кызматтын алты кызматкери системалык түрдө пара талап кылуу фактысы менен кармалган. Инспекцияда Коопсуздук кеңешинин чечимдери аткарылбаган учурлар бар.

Пара талап кылууга шектелген кызматкерлер Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан 2019-жылы кармалган. Пландалган иш чаралардын жүрүшүндө мекеменин ишмердүүлүгүндө туруктуу коррупциялык система калыптанганы ачыкталып, токтотулган.

Белгилей кетсек, Бүгүн жыйында президент Сооронбай Жээнбеков өткөн жылдын аягында Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын алты кызматкери коррупцияга шектелип кармалганы боюнча сындаган.

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *