Экс-спикер Мукар Чолпонбаев коронавирустан каза болду

Мезгил

Бүгүн, 24-майда Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында 70 жашында Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы, коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев коронавирус инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штаб билдирди.

Маалыматка ылайык, Коронавирустун айынан анда эки тараптуу пневмония, дем алуу жетишсиздиги жана башка бир катар өнөкөт оорулар өрчүп кеткен. Ал ошондой эле жүрөк, бөйрөк жана кан тамыр илдеттеринен жабыр тартчу.

М.Чолпонбаев ооруканага 5-майда жаткырылып, ден соолугу начарлагандыктан кайра жандандыруу бөлүмүнө которулган. Бүгүн 12:10до көрүлгөн реанимациялык чараларга карабастан ал COVID-19 вирусунан каза тапты.

Белгилей кетсек,  кечээ, 23-майда Мукар Чолпонбаев коронавирустан айыкканын анын кызы Нуриля Чолпонбаева социалдык баракчасына жазып чыккан.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *