Экспортубуз өсүүдө

Мезгил

Үстүбүздөгү жылдын 9 айында Кыргызстандын азык-түлүктөрүнүн 4 түрү өткөн жылга салыштырганда көбүрөөк экспорттолгондугу байкалган. Бул туурасында Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык балык жана балык продукцияларынын экспорттук көлөмү 10 эсеге (100 тоннага) өскөн. Ал эми койдун эти 2 эсеге өскөн. Сүт азыктары 5 120 тоннага көбөйүп, таза бал 38 тоннага чейин өсүп жеткен.

Экспорттолгон товарлардын көлөмү жана тизмеси:

  • Балык жана деңиз азыктары – 1 466 тонна (былтыр 145 тонна);
  • Койдун эти – 703 тонна (былтыр 278 тонна);
  • Колбаса азыктары – 24 575 тонна (былтыр 19 459 тонна);
  • Бал – 282 тонна (былтыр 244 тонна).

Мындай көрсөткүчтөргө жетүүгө төмөнкү факторлор негиз болгон:

 – Кыргызстандын ветеринардык көзөмөл системасын ЕАЭШге кирген мамлекеттердин таанып, кабыл алышы;

– Кыргызстандын ири мүйүздүү жана майда жандыктарынын этин сатып алуу боюнча Россия менен Кувейтт тараптан коюлган чектөөлөрдүн алынышы;

– Кыргызстандын сүт азыктарын жана балын Кытайга экспорттоого уруксат берилиши.

Ошондой эле ЕАЭШтин бирдиктүү реестрине өткөн жылы 87 кыргызстандык ишкана катталса, быйыл ал тизмеге дагы 21 компания кошулган.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *