Экстер эмне менен алек: ИИМдин мурдагы орун басары мал багып, жер айдоодо

Мезгил

Түбү Таластык, ИИМдеги “биттин ичине кан куйган” оперлиги менен эсте калып, учурда пенсияда жүргөн полковник Манас Акматбековду унутуп кала элексиңерби? Пенсиясына топук кылып, шүк отурганды каалабаган Манас Акматбеков ички иштер министринин орун басарлыгынан кеткен соң соңку жылдары Ысык-Көлдө чарбачылык иштерге биротоле баш салып, бул жагынан көптөгөн ийгиликтерге жетип жатканынан кабардар болдук.

Сыртка чыгып мал күтүп, ага удаа жер айдоо, бак-шактын түрү менен алпурушуп жаткан милициянын полковнигин сөзгө тартсак учурда күнүмдүк көр-тириликтен колу бошобостугун, кызыккандар келип чарбачылыгын чагылдырып кетсе каршы эместигин билдирүүдө. Эми ал жагын да көрө жатаарбыз.

Болгону биздеги чиновниктердин жана формачандардын үйүр тобу пенсияга чыгышкан соң бийликке догун артышпай, мамлекет чегерген пулга каниет кылып, кирди-чыкты чарбачылыкка баш салып кетишсе элге да, өздөрүнө да пайда болот беле? Ушундай жолду тандабай жатышпайбы кысталактар.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *