Эл аралык Арбитраждын чечимине өкмөт каршы даттанууну чарасын көрөт

Мезгил

20-августта Торонтодогу Эл аралык арбитражда канадалык “Stans Energy Corp” компаниясынын кыргыз өкмөтүнө каршы доо арызы каралган. Анда канадалык компания “Кеминдеги Кутесай II жана Калесай кендерин иштетүү лицензиясын мыйзамсыз жокко чыгарды” деп кыргыз өкмөтүнөн 128 миллион доллар өндүрүүнү талап кылган.

Бул тууралуу өкмөткө караштуу Соттук өкүлчүлүк борбору «Stans Energy Corp» компаниясынын доо арызы боюнча Арбитраждын чечими кыргыз тарап доону автоматтык түрдө төлөйт дегенди билдирбестигин айтты.

– Өкмөт Арбитраждын чечимине даттануу боюнча сөзсүз түрдө тиешелүү чараларды көрөт жана көрүп жатат. Бул дайыма узак соттук процесстер менен коштолот. Белгилей кетсек, ушул эле компаниялардын доо арызы боюнча 2014-жылы Канадада жана Орусия Федерациясында буга окшош арбитраждык соттошуулар жүрүп, алар 2015 жана 2017-жылы Кыргыз Республикасынын пайдасына аяктаган – деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле, Эл аралык арбитраж ишти карап чыккандан кийин, кыргыз өкмөтүн “Stans Energy Corp” компаниясына 24 миллион доллар төлөп берүүгө милдеттендирген. Ал эми кыргыз өкмөтүнүн кызыкчылыгын коргогон “King&Wood Mallessons LLP” юридикалык компаниясы Арбитраж канадалык компаниянын доосун четке кагып, соттук чыгымдын бир бөлүгүн гана төлөөнү милдеттендиргенин кабарлады.

Белгилей кетсек, “Stans Energy Corp” компаниясы Кеминдеги сейрек металлдардын запасы бар Кутесай-II жана Калесей кендерин иштетүү укугун 2009-жылы алган. Бирок кыргыз өкмөтү “Канадалык компания милденттенмелерин так аткарбай жатат” – деп лицензияны 2011-жылы жокко чыгарган. Мына ушул мезгилден тарта өкмөт бул компания менен соттошуп келет.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *