Эл аралык террордук уюмдун мүчөсү кармалды

Мезгил

Кыргызстанда чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган эл аралык террордук уюмдун 26 жаштагы мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалым болгондой, колго түшкөн жаран Ош облусунун тургуну экени аныкталды.

Ал Сирияда эл аралык террордук уюмдун мүчөсү болуп, атайын жана диверсиялык-террордук даярдыктан өткөн. Мындан тышкары Сирия өкмөттүк аскерлерине каршы согушка катышканы маалым болду. 

Анын башчыларынын тапшырмасы менен КМШ өлкөлөрүнүн бирине террордук иш-аракеттерди уюштуруу максатында Сириядан чыгып кеткени айтылууда. Учурда ал камакка алынды.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *