Эл эмне дейт: Экс-судья Мамытовдун жана аялы Чолпон Шаршенованын алтымыш эшекке жүк болчу амалдары…

Мезгил

Редакциябызга “Экс-судья Эмилбек Мамытовдун көз боёмочулук, баскынчылык жоруктарын” ашкерелеген окурмандарыбыздан макала келип түштү. Анда экс-судья Мамытов ишкер Раджаб Абдурасуловду бизнестеги өнөктөштөрү менен кошо чоң суммадагы каражатка сызга отургузганы, 4 кабаттуу офисттик эки имаратты алдамчылык жол менен мыйзамсыз өзүнө жана аялы Чолпон Шаршеновага каттатып алганы, “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасын баласы Эмилбек уулу Мырзабек экөө 6 миллион 200 миң сомго зыян келтирип, төлөбөй жатышканы айтылган. Бир сөз менен айтканда, экс-судья Эмилбек Мамытов үй-бүлөсү менен мыйзамсыз  иштерге барышканы кенен жазылган.

Бүгүнкү күндө экс-судья Эмилбек Мамытов “суудан кургак чыгышы” үчүн ар кандай чагымчыл иштерди жасап, өзүн “ак карга” кылып көрсөтүүгө болгон айла-амалдарды колдонуу менен алек. Башкача айтканда, финансылык махинацияларын, баскынчылык аракеттерин ишкерге оодарууну көздөп, ишкердин офисине барып, чагымчылдык кылып чыр чыгарып, анан кайра “мени, туугандарымды сабады, колу-бутун сындырды” деген жалган жалаа менен укук коргоо органдарына арызданып, видео тасмаларды монтаждап, чагымчыл иштерди жасоого аргасыз болууда. Бирок экс-судья чымындан пил жасоого кылган аракетинен майнап чыгара албай убара. Себеби мамлекеттик укук коргоо органдары Мамытовдун чыныгы жүзүн билип бүткөндүктөн, анын жоктон бар кылып ойлоп тапкан чагымчылдык аракеттеринен жадап калышкан десек жарашат.

Бирок экс-судьянын айла-амалдары алтымыш эшекке жүк болчу аялдардыкынан дагы ашып түшөт өңдөнөт. Дегенибиз, Мамытов эми чабуулду башка өңүттөн жүргүзүп жатыптыр. Экс-судьянын аялы Чолпон Шаршенова ишкерге күнү-түнү телефон чалып, “Мен сага имараттарыңды кайтарганга жардам берем, мен күйөөмдөн жададым, жолугалы, анын мага кылбаган кордугу калган жок, анын көңүлдөштөрү тууралуу айтып бер. Ажырашам. Жашагым келбей калды. Калган өмүрүмдү тынч жашагым келет” – деген өңдүү максаты бүдөмүк сунуштарды айтып жатканы шектенүүнү жаратат. Себеби түн ортосунда иш тууралуу чалып жатам деген шылтоо менен жолугушууга чакырган жоруктун артында кандай максат көздөлгөнүн ойлоонун өзү опурталдуу…

Эгер экс-судья Мамытовдун аялы Чолпон Шаршенова чындап ниети ак, тилеги таза болсо, күйөөсүнүн баскынчылык, алдамчылык, көз боёмочулук жоруктарынын кесепетинен экөө урушуп бети чыдабай уялып жатса, анда өзүнө катталган ишкердин миллиондогон доллар турган мүлкүн кайра эмнеге кайтарып бербей отурат деген суроо туулат. Анткени чын эле жардам берчү ниети болгон болсо: “Кой, мен күйөөмдүн кылган иштеринен көчөгө баса албай калдым, мага катталган мүлкүңдү ал” – деп өткөрүп  бермек.

Демек, жолугушууга чакырган сунуштар күйөөсү Мамытов экөөнүн кеңешип-кесип, башкача чагым жыттанган бир нерсени ойлогондон чыгып жатканын аңдоо кыйын эмес. Ишкер дал ушундай “арам максатты” туюп, экс-судьянын аялы Чолпон Шаршеновага жолуккандан сактанып, өзүн оолак тутуп жатканы бекеринен эмес. Себеп дегенде Мамытовдун чүмбөт артындагы чыныгы жүзүн эчак окуп бүткөн ишкер, анын тымызын тор жайган “фокустарына” кекиртектен тойгонун айтып коюш ашыкча болбойт. 

Айтмакчы, экс-судья Мамытовдун аялы Чолпон Шаршенова мүлкүн тарттырып жиберген ишкерге жардам берем дегени чын пейилден айтылбаган сөз экенин анын жүрүм-туруму айгинелеп турат десек жарашат. Себеби Чолпон айым 4 кабаттуу офисттик имараты бар ишкер катары ар кимге мактанып, ал түгүл Майамиге (Америкага) чейин барып эс алып, шапар тээп жүргөнүн белгилеп коюу милдет. Демек, өзүнө алдамчылык жол аркылуу каттатып алган мүлктү кайтарып берейин деген ою жок.

Эгер сотто ишкер экс-судья Мамытов менен баласы Эмилбек уулу Мырзабектин финансылык махинациялары, баскынчылык, алдамчылык мыйзамсыз аракеттери далилденип, акыйкаттык өкүм сүрсө, аялы Чолпон Шаршенова дагы кылмыштуу иштерге катышуучу катары жоопкерчилик тартып калышы толук мүмкүн. Бирок мындай иштин болушун ишкер каалабай турганын, эгер Чолпон Шаршенова күйөөсүнүн мыйзамсыз аракеттерин, чындыкты сотто айтып бере турган болсо, аны сот жоопкерчилигине тарттырбоого кепилдик берээрин айтып келет.

Автор: Канжар Токталиев

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *