Эл эмне дейт: Матраимовдор өлкөнүн урашына колдонулуп жаткан курал гана

Мезгил

Эмне үчүн “Азаттык” августта иликтеп бүткөн иликтөөсүн Айеркен Саймаити өлгөндөн кийин чыгарып жатат?.. Бул көмөн ойлордун учугун улашы мүмкүнбү? Бул тууралуу жарандык активист Аскат Тейит билдирди.

Анын айтымында Кыргызстандын тынчтыгынын бузулушуна эки мамлекет кызыкдар болуп турат деп ойлойм. Кыргызстанда ызы-чуунун чыгышына эки ѳлкѳ кызыкдар. Ал эми сырттан каржыланган ички душмандар, бейөкмөт уюмдар колунун келишинче “жардам” берет. Анткени, алар өлкөдөгү бийлик менен элдин ортосуна от жагып, жазында кырдаалды курчутканга аракет кылышат.  Бул үчүн аларга  декабрдан баштап акча бөлүнүшү керек.

– Кыргызстан тууралуу учурдагы сыртта болуп жаткан саясый сөздөр, жазында өлкөдө атайын тышкы күчтөр кырдаалды курчутат, ага ички душмандар жардам берет. Эгерде 3-революция болсо Кыргызстан урайт. А силер талкуу кылып жаткан Матраимовдор өлкөнүн урашына колдонулуп жаткан курал гана. Менин сөздөрүмө ишенесиңерби же жокпу, ал силердин ишиңер. Бийликте мыкты кадрлардын жоктугунан ушундай кырдаалга кептелип жатабыз.

Ошондой эле Кыргызстанда Матраимовдорго шылтоо кылып, Түркияда каза болгон ишкердин өлүмүнөн чоң саясат издеп, чет өлкөнүн кызыкчылыгын коргогон биздин кыргыздарга таң калып атам. Азыркы маселе Матраимовдордо эмес, Кыргызстандын келечегинде. Анткени Кыргызстандын ичинде ызы-чуу чыгарууга азыр тапшырма кетти, эми аларды өлкөнүн ички душмандары пайдаланып жатат. Муну менен өлкөнүн эгемендүүлүгүнө доо кетет. Ал эми Матраимовдорго болгон иликтөө бул кимдир бирөөнүн гана кызыкчылыгы, бул көрүнүш баардык мамлекеттерде бар!-деп жазат Аскат Тейит.

Ошондой эле жарандык активист акыркы болуп жаткан жагдайлар Кыргызстанда мурдагы президент Атамбаевдин учурунда болгон көмүскө окуяларды, Сооронбай Жээнбековду кызматтан кетириш үчүн “чукулуп” жаткан маселе деп кошумчалайт.

– Мени баарынан таң калтырганы – электр жарыгы менен суунун кымбатташы. Демек Курманбек Бакиевди өлкөдөн кетирген “иттер” ошол тактикага Сооронбай Жээнбековду салып жатышат.

Анан Сайматиби кимдир бирѳѳсү айтор, ал өлөрүн билип,  коррупциялык иштерди айткан имиш. “Азаттыктын” бул иликтөөсүнө мен  кошулбаймын. Баары бир күнү чындык чыгат. Кыргызстандан эч себепсиз 700 миллион доллардын чыгып кетишин айткан видеотасмада Айеркен Саймаити “менин көзөмөлүм менен 3 миллион доллар чыгып кеткен”, деп айтып жатат. Чындыгын айтканда, бул бизнес. Мындай көрүнүштөр кошуна мамлекеттер арасында толтура. Кыргызстанда мурдагы президент Атамбаевдин учурунда болгон көмүскө окуяларды, Сооронбай Жээнбековду кызматтан кетириш үчүн “чукулуп” жаткан маселе десек болот. Азыр эгерде “Азаттык” Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн күйсө, козгой турган маселе толтура.

Феликс Кулов: Атахановдун айтканы логикага сыйбайт

Жакында  Кытай менен Кыргызстан этти экспорттоо боюнча келишим түзүптүр. Эми Кыргызстан эттерин Кытайга экспорттоп, алардын чыгарган өндүрүшү Кыргызстанга келет. Эми калганы баарына дайын. Бул жерде нарындыктар этти экспорттоо менен өтө байышы мүмкүн. Эки ѳлкѳнүн ортосундагы мамиленин жакшырышы да кимдир-бирѳѳлѳрдүн түн уйкусун бузуп жатышы толук мүмкүн да-деди Аскат Тейит

Коомдук активист  эмне үчүн “Азаттык” августта иликтеп бүткөн иликтөөсүн Айеркен Саймаити өлгөндөн кийин чыгарып жатат?-деп суроо салат

– Мен жаран катары айтып коюшум керек, Саймаитини өлүмүнө Атамбаевдин адамдары кызыкдар болгон. Себеби, эмне үчүн “Азаттык” августта иликтеп бүткөн иликтөөсүн Айеркен Саймаити өлгөндөн кийин чыгарып жатат?.. Мени ушул маселе таң калтырып жатат. Эмне үчүн?.. Бирок азыр эч ким жыйынтык чыгарганга шашпашы керек. Анткени, жакынкы аралыкта Айеркен Саймаитини ким өлтүрдү, баары ачыкка чыгат. Мына ошондо акыйкаттын тараза ташы так тартылат деп ойлойм-деди Аскат Тейит

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *