Эл каттоо: Эл жана турак жай фондун каттоого мобилдик тиркеме иштелип чыкты

   Мезгил

Улуттук статистика комитети эл жана турак жай фондун каттоого мобилдик тиркеме иштеп чыкты. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

  Маалым болгондой, ал каттоочулардын уюлдук телефондоруна жана планшеттерине орнотулат. Анкеталарга өзгөртүү киргизүүгө каттоочунун гана укугу бар.

Эске салсак, 23-марттан 1-апрелге чейин өлкөнүн бардык аймагында эл жана турак жай фондун каттоо бир убакытта өткөрүлөт. Шарттары татаал аймактарда 20-апрелден 29-апрелге чейин жүргүзүлмөкчү. Аталган иштерге 25 миң адам ишке тартылат.

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *