Эл сурак! “Бабанов сатып алган” дегенге караганда “Бабанов басып алган” деген кептер арбын

Мезгил

Эсепсиз суроо элде бар Урматтуу калайык-калк! Көйгөйгө көмүлгөн замана улам татаалдашпаса, оңолгон жери жок. Анткени бийликке ким келсе да элди экинчи орунга калтырып, өз арбайын гана согууда. Элди чындап аралап, карапайым адамдардын арманын уккан эч ким жок. Арыз-арманын айтууга баргандар бийлик лөктөрүнүн босогосун аттай албай, тосотторунан өтө албай бозоргондору жашыруун эмес. Андыктан элдин арыз-арманын гезит аркылуу болсо да дарегине жеткирүүгө белсендик. Кимдир бирөөгө арыз-арманыңыз, сурооңуз же нааразылыгыңыз болсо “Эл сурак” рубрикасына кайрылыңыз. Ал эми собол жолдонгон тарап эл тарабынан берилген суроолорго чычалабай чындык жообун берип коюуга чакырабыз.

Өмүрбек Бабановко

Сиз чын эле рейдерсизби? Парламенттик шайлоо астында бир топ кызыктыруучу убадаларды берип, акчаны самандай сапырдыңыз эле. Жаштыгына карабай кыйын жигит экен деп сизди сыйлап калгам. Чын эле кыйын экенсиз, уйгактай жабышкан дооматтардан “купкургак” чыктыңыз. Ошентсе да, сизди кирешелүү жерлерди кандай жол менен ээлегениңиз тууралуу так маалыматка жетпей койдум. Анткени эл оозунда ээлигиңизге өткөн май көл, сүт көлдөрдү “Бабанов сатып алган” дегенге караганда “Бабанов басып алган” деген кептер басымдуулук кылат.

Мисалы:

1) Валерий Хондун мунай базасын “басып” алган;

2) АКБ “Кыргызстан” банкын Шарипа Садыбакасовадан Максимге таянып арзан баага тартып алган;

3)  “Азамат” автобазарын да тартып алып, аялыңыз менен өзүңүздүн атыңардын башкы эки тамгаларын кошуп, “РИОМ” (Рита+Өмүрбек) кылып өзгөртүп алган;

4) Союз убагында Ленин заводунун тегерегинде “Инструментальшик” деген стадион болгон. Ал Аскар Акаевдин тушунда аферист түрк бизнесмендерине сатылып кетип, алар стадионду бузуп салышкан. Бир нече жылдан кийин Бабанов премьер-министр болуп турганда ал жер аялынын атына катталып, “Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунан” жеңилдетилген 17 миллион доллар насыя алынып, “Азия Молл” соода түйүнү курулат. Сиз “Азия Моллдун” жерин шектүү, аферист түрк бизнесмендеринен кантип сатып алдыңыз? Же премьер-министр болуп тарганда ал жерди рейдерлик жол менен басып алдыңызбы?

6) Ысык-Көлдөгү “Күрмөнтү цемент” заводун банкрот кылуу аркылуу рейдердик басып алууга аракет кылгандыгыңыз тууралуу заводдун директору Б.Айталиев убагында айтып чыккан.

Урматтуу Өмүрбек мырза, эмне үчүн бир эмес, бир нече жолку рейдерлик сизге жабышып, алардын артынан сиздин “басмачылык даңкыңыз” чыгып келет? Анан калса мамлекет он-он беш жылдап соттошуп өзүнө ала албай келген, шаардын чок ортосундагы көптөрдүн көзүн кызарткан жерлеркантип эле  сиз өкмөт башчы болоруңуз менен сизге же сиздин жакындарыңызга таандык болуп чыгакелет? Эптеп бийликке жетип мамлекетти тоногонуңузду эч ким билбейт деп ойлойсузбу? Тегин жерден өрт чыкпайт деп койчу беле? Ушул суроолорго чындыкка тик карап туруп жооп бере аласызбы?

Айша Мамадалиева, Чүй облусу

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *