Элеганттуулук эмне, билесизби?

 
    Мезгил

  Каролина Эррера Нью-Йоркту чыныгы мода борборуна айлантууга дизайнер катары чоң салымын кошкон. Карьерасын жаңы баштаганда биринчилерден болуп Жаклин Кеннеди-Онассис кайрылган. Бүгүнкү кардарлар тизмесинде Пенелопа Круc, Рене Зеллвегер, Риз Уизерспун ж.б. белгилүү адамдар турат. Каролинага келген ар бир айым кийим-кечеге акчасын өз эмгеги менен табат. Ал эч качан коллекциясындагы кийимдерин жылдыздарга реклама жана pr үчүн таратып көргөн эмес. Ар дайым саркеч болууну каалагандарга Каролина Эррерадан беш кеңеш: 

 Сыйга кийчү кийим катары жынсы отуз жашка чейинки кыз-келиндерге гана жарашат. Ар нерсенин өз убагында болгону туура.

Гардеробдо сөзсүз карандаш-юбка, ак көйнөк, ыңгайлуу такадагы жакшы туфли, кечки же коктейль көйнөгү жана сүйүктүү парфюм болуусу зарыл.

Моданын диктатка укугу жок. Түстүү журналдар эмне жазбасын, жайкысын жылаңайлак, кышкысын калыңыраак колготки менен жүргүлө!

 Сексуалдуу кийинүүгө болгон көп аракет жагымдуулуктан, сексуалдуулуктан да ажыратышы мүмкүн.

 Басканды, турганды, сүйлөгөндү, унчукпай турганды үйрөнгүлө. Өзүңөр деле байкаган чыгарсыңар, кеп кийимде же анын наркында эмес.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *