“Элита-2”, Кожобек Рыспаев: Иштеп, бутуна турган адамдар депутат болуп келсе

Мезгил

“Биз элитабыз, чимкирик эмеспиз” деген депутат Кожобек Рыспаев коомчулукту дагы таң калтырды. “Акчасы жок киши шайлоодо иштеши кыйын экен. Коомчулукка коркпой эле айтайын, парламентке кичине бизнесин кылып коюп, бутуна туруп, үй-бүлөсү камдуу, өзүнүн тамак-ашы белен болгон адам элге иштеп берейин деп келиши керек. Азыр союз жок, биз азыр рынокко өтүп кеткенбиз. Маселен, үй-бүлөсү ачка жүрсө, өзүнүн томураңдап кийими жок жүрсө элди ойлойбу?

Үй-бүлөсүн бутуна тургузган жакшы адам мамлекетке да жакшы кызмат кыла алат. Коомчулук менен кантип иштөө жөнүндө билип жатасыздар да. Тууганын үгүт ишине иштеп бер деп алып келсе да ага чай берүү керек. Идейный адамга деле тигил айылдан бул айылга барууга, машинеге бензин куюуга тыйын-тыпыр керек да. Идейный адам деле акча сарпташы керек. Акчасы жок бул жерде кыйын болуп калат. Ачыгын айтуу керек” – дейт эл өкүлү.

Кыязы бул, эл өкүлү жараткан “биз Элитабыз” сериалынын уландысы,  “Элита-2” болуп калды окшойт.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *