Эмгек өргүүдөгү 235 медицина кызматкери ишке  чыкты

  Мезгил

Ордо калаада эмгек өргүүдөгү 235 медицина кызматкери ишке чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалым болгондой,  алардын катарында дарыгер, орто жана кенже персонал, лаборант, эпидемиолог жана башка кызматкерлер бар.

Муну менен катар эмгек өргүүдө жүргөн медицина кызматкерлерин мажбурлап ишке чакыртуу маселеси жок. Алардын айлык акылары тиешелүү негизде төлөнөт.

Эмгек өргүүсүндө жүргөн дарыгерлерди кызматка тартуу иштери түшүндүрүүлөрдүн негизинде жүргүзүлүп жатат.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *