Эми Бишкектеги тез тамактануучу жайлардын баары текшерилет

Мезгил

Бишкекте «Антошка» кафесиндеги жарылуудан кийин тез тамактануучу жайлардын баары текшерүүдөн өтөт. Бул тууралуу  Бишкек мэриясынан билдиришти. 

 Маалым болгондой, биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаев 18-ноябрга чейин мектеп, бала бакча, социалдык мекемелер, тез тамактануучу жайларда өрткө каршы чараларды күчөтүү боюнча план-программаны даярдоо тапшырмасын берди. Ал борбор калаадагы өрткө каршы иш-чаралар үчүн шаардык бюджеттен жетиштүү каражат бөлүнгөнүн кошумчалады.

Эске салсак, 8-ноябрда Чүй проспектиси жана Эркиндик бульварында жайгашкан тез тамактануучу жайда жарылуу болгон. Анда 13 адам ар кандай жаракат алып, кафенин бир кызматкери каза болду.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *