Эми кредитти көчөдөн банкоматтар аркылуу ала аласыз

Мезгил

Бишкекте көчөдөн эле кредит берүүчү  пайда болду.

 Маалыматка ылайык, автомат адамдын паспортун, манжа издерин сканерден өткөрүп, 10 күнгө 1 миң сом берет.

Белгиленген мөөнөттөн соң кайра 1 миң 300 сом кайтаруу керек. Терминал адамды өзү сүрөткө тартып, паспорттогу фото менен ылайык келишине текшерет. Ал эми кол тамганын ордуна манжа издери колдонулат.

Мындай ыкчам карыз берүү канчалык мыйзамдуу экенин Улуттук банк кийинчирээк түшүндүрө тургандыгын айткан. 

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *