Эмил ҮМӨТАЛИЕВ, экономикалык серепчи: “Оруссиянын экономикасынын төмөндөшү бизди артка түрттү”

  Мезгил

Мурдагы экономика министри Эмил агабыз маал-маалы менен өлкөдөгү каржы, экономикалык абал боюнча үн катып, негиздүү пикирлери менен бөлүшүп турат. Бул сапар да кезектеги суроолорубузду жолдосок, “жок” дебеди. Эмесе, биздин маекке абай салып көрүңүз.

–Эмил мырза, абал барган сайын кооптуу жагына айланууда. Ушул темп менен жүрүп отурсак алдыңкы айларда мамкызматкерлерге айлык, пенсионерлерге пенсия менен жөлөк пулдарды мамлекетибиз бере албай калбайбы?

–Өзүңөр билгендей, мамлекет өзүнүн чыгашаларын чечкиндүү түрдө кыскарта элек. Азыр дале резерв бар. Бирок, ал саясый эрк, элге кызмат кылуу ниетинен көз каранды. Бүгүн мамлекет алгачкы максатында бийликти сактап калганды көздөп тургандай.

Экономикалык жактан алганда, мамлекет үчүн азыр өлкөнү кандай коркунуч курчап турат алдыда?

–Мамлекет үчүнбү же эл, өлкө үчүнбү? Биз эң ириде элди ойлошубуз керек. Өлкөбүздү өнүктүрүшүбүз керек. Мамлекетти болсо көзөмөлдөп, элдин муктаждыгына иштетишибиз зарыл. Бизде болсо тескерисинче, мамлекет элди минип алып, элдики тонолуп, мамлекетти менчиктеп алгандар өлкө казынасын, бактарды, парктарды, кендерди, жайыттарды уурдап-тоноп бүтүшпөйт. Байланган, тушалган, аркандалган эл өнүгө албайт! Аларды кысым, реппрессия менен да узакка көп мандем чыкпайт. Пандемия, экономикалык кризис, Орусиянын экономикасынын төмөндөшү бизди артка түрттү.

 Мезгил ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *