Эмил Үмөталиев: “Карантинден кийин эң оор абал туризм тармагында өкүм сүрөт”

Мезгил

–Эмил мырза, сырттагы кризис алакандай Кыргызстанды эмес, бүтүндөй дүйнөнү экономикалык катастрофага алып келди. Мындайда ток этер суроо, дүйнөнү кое туруп, өлкөбүздүн экономикасын сормо саздан чыгарыш үчүн эмне кылышыбыз керек?

–Эң ириде ишкерликке эркиндик керек. Менчик мүлккө, инвестициялык климатка жагымдуу жана корголгон кепилдик керек. Сот системасы калыс, адилеттүү (жогорку бийликтин гана тапшырмасын аткарбай) болушу шарт. Мунун баары адам укугу корголмоюн ишке ашпайт.

Карантинден кийин ишкерликтин кайсы тармагы бүк түшөт?

–Бүгүн саналуу тармак гана ишин улантып келатат. Ишкерликтин калган түрлөрүнөн баардыгы токтоп, калгандары урады. Бүгүн мындан ары ишкерликтин кайсы түрүнө канчалык оор болоору анык эмес. Онлайн бизнеси, азык-түлүк тармагы, жер-жемиш, фармацевтика, тамак жеткизүү иштеп келди. Азыр баардыгы билгендей мындан ары эң оор абал туризм тармагында өкүм сүрөт го.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *