Эмил Үмөталиев Солтон-Сары боюнча: «Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынга чогулушунун кажети жок»

   Мезгил

Кечээ, 5-августта Нарындын Солтон-Сары кениндеги кытайлык компания менен жергиликтүү элдин ортосунда чыр чыгып, андан  отуздан ашык киши жаракат алганы айтылды.

Ал эми бул жаңжал боюнча биринчи вице-премьер-министр Боронов менен Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Нарын облусуна жөнөп кетишти.  Мындай кырдаалда эс алуудагы Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулушу керекпи? Биздин бул сурообузга  мурдагы экономикалык тескөө министри Эмил Үмөталиев Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынга чогулушунун кажети жок дейт.

– Бул өкмөттүн иши. Анчалык чуу жаратпаш керек деп ойлойм. Эгерде бул ишти өкмөт колго ала албаса, анда эле президенттин колунда жетиштүү күч бар. Андыктан буга аткаруу бийлиги жооптуу. Бул маселени чечүүгө президенттин жана күч органдарынын мүмкүнчүлүгү жетиштүү. Алар чече алат.  Эгер алар да аткарбаса анда Жогорку Кеңеш кийлигишсин. Жогорку Кеңешти аткаруу бийлигинин ордуна жумшаган болбойт – деди мурдагы министр.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *