Эмил Токтошев: Меникиндей байпактар базарда сатылат. Каалагандар алып кийсе болот

Мезгил

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев Американын желеги түшүрүлгөн байпагы жана анын бут кийимин кыздары байлап  жаткан сүрөтүн интернеттеги баракчасына жүктөп сынга кабылды.

Депутат ага айтылган сындарга маани деле бербей турганын билдирди.  “Сындагандар сындай беришсин. Эгиз кыздарым мени бут кийимимдин боосун байлап берип жумушка узатышат” -дейт ал.   Ал эми байпагы боюнча андай байпактар базарда сатылаарын айтып каалагандар алып кийсе болот” дейт. 

 Ошондой эле бул сүрөттө сындай турган деле эч нерсе жок экендигин  кошумчалады. Депутат бул сүрөттү баракчасынан өчүрүп салган.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *