Эмил Токтошев: Ордо калаадагы экологиялык абал жылдан-жылга оорлоп баратат

   Мезгил

Ордо калаадагы экологиялык абал жылдан-жылга оорлоп барат. Азыр жалбырактар өрттөлүп, мончолорго пластик бөтөлкөлөр жагылып, үйлөрдү сапатсыз көмүрлөр пайдаланууда. Экологдор алардын баарын көзөмөлгө алышы зарыл. Бул тууралуу депутат Эмил Токтошев Жогорку Кеңеш жыйынында билдирди.

«Бишкекте айрыкча автомашиналардын көбөйүшү, көчөлөрдөгү автотыгындардын кыйла арбышы шаар тургундарын өтө тынчсыздандырууда. Ошондуктан, автомашиналардан чыккан уулуу заттардын ченемин өлчөгөн мекемелердин жетекчилери бул багытта кечиктирилгис чараларды көрүүгө тийиш», – деди депутат.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *