Эмилбек Каптагаев: “Албетте Атамбаев болчу. Анан ким саткын?”

Мезгил

Атамбаевдин маселесине байланыштуу “сатып кетти, саткын” – деген тема учурдун темасы болуп калды. Атамбаев жана анын командасы ушул темада кызылкулактык кылышып, Президент Жээнбековго “саткын” деген жарлыкты жабыштыруунун аракетин аябай катуу жасап жатышат. Бул туурасында саясий жана коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев билдирди.

– Атамбаевдин “сатып кетти” – деп Жээнбековго айтканы бет тырмачылык. Анткени Атамбаев өзү “досум” деп айтып жүргөн Сооронбай Жээнбековду эки айрылыш жолго кептеп койду. Ал досунун сөзүн угуп, анын айтканы менен болсо, анда ал өлкөнүн, элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын саткан болмок, аларды жеке кызыкчылыктар үчүн курмандык кылмак. Мындай кадамдар анын абирине, ыйманына туура келбеди, ошондуктан ал өлкө тарабына ыктап, “досу” Атамбаевге кескин түрдө “жок” деп айтты.

Бул саткындык эмес, бул эрдик. Ал эми Атамбаевдин арам оюн жакында эле КСДП партиясы өзү тастыктады. Биз “Жээнбековду жетелеме, өз ою жок, чабал президент болот – деген ой менен алып чыгып, колдоо көрсөткөнбүз” деп билдиришти. Көрсө Жээнбековду жандалбас уруп колдошконунун сыры ушунда тура. Атамбаев деле “жаңылып калыптырмын” деп айтпадыбы, көрсө ошол “жетеленме” деп жаңылганын айтып жаткан турбайбы? – дейт Каптагаев.

Ошондой эле Атамбаевдин өзү “сатып кетти, саткын” деп айтууга эч кандай моралдык укугу жок. Анткени бул маселе боюнча анын өзүнө толгон токой суроо бар экенин кошумчалаган саясий ишмер.

– 2006-жылдагы ноябрь митинги курчуп, аянтта эл кайнап турганда ал жерден Атамбаевди таппай калып, анын Бакиевдин кабинетинин кабылдамасында отурганын угуп, шок болушканын ошол окуянын катышуучулары айтып да, жазып да жүрүшөт. Бул жерде ким саткын?

 2007-жылы Кулов, Текебаев, Сариев, Субаналиев, Эшимканов жана башка лидерлер башында турган оппозициялык күчтөр биригип, “Элдик фронт” түзүп, апрель айында борбордук аянтта мөөнөтсүз митинг өткөрүп жатканда, “көпүрө боло калам” – деп Бакиевге барган. Анда Өкмөт башчысынын кызматына дайындалып, анан митингди күч менен кубалап, ал жердеги боз үйлөрдү таш талкан кылып талкалап, элди койго теңеп шылдыңдап сүйлөгөн ким эле? Албетте Атамбаев болчу. Анан ким саткын?

 2010-жылы декабрь айында СДПК партиясына берилген башкаруучу коалиция түзүү укугунан пайдалана албай, түзө албай шалдырап отуруп калганда “Республика” партиясы коалиция түзүп, түзмөк тургай Өмүрбек Бабанов лидерликти банкрот болуп отурган Атамбаевке берип, аны Өкмөт башчысы кылып дайындаганын эл билет. Ошол учурда Өкмөт башчысы болуп бийликке илешпей калса кийинки 2011-жылы Атамбаевдин президент болоорун ким билет эле? Ошол боюнча жээкке сүрүлүп кала берүүсу да мүмкүн болчу. Эми ошентип жол бошотуп берген Бабанов эмне болду, аны болбогон шылтоо менен куугунтуктап, элге жарыя кылып “шестерканын орду түрмөдө” деп кыйкырган ким эле? Албетте Атамбаев. Ошондо ким саткын?

 Ошол 2010-жылдын декабрында Бабанов өзү Атамбаевге жол бошотту. Аны чогу колдоп, кол алышып, “өткөн-кеткенди сууга салышалы, өлкө үчүн биргелешип кызмат кылалы” деп колдоп кетишкен. Андан кийинки 2011-жылы президенттик шайлоодо да колдоо көрсөтүшкөн Ахматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаровдордун тагдыры эмне болду? Аларды ким түрмөгө каматты? Албетте Атамбаев. Ошондо ким саткын болот?

 Атамбаевди этегине жашырып, ар кандай татаал саясий кырдаалдарда калкалап, сөз тийгизбей жүрүп президент кылган Роза Отунбаева экенин саясатка аралашкан дагы, аралашпаган да киши билет. Аны Атамбаевдин өзү да айткан. Кийин “төө кыядан өткөн соң” дегендей кылып, Роза Исаковнанын кадырын тепсеп, өзүн жок кылуунун аракетин кылган ким? Албетте Атамбаев. Анан ким саткын?

 2010-2011-жылдары Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү дээрлик толугу менен Атамбаевди колдоп, аны лидер катары президенттикке көрсөткөнү тарыхый чындык. Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнө карата Атамбаев кандай гана кыянаттыктарды жасабады, Текебаев, Чотонов түрмөдө отурат, Дүйшөбаев, Каптагаев, Сариев, Бекназаров, Өмүркуловдорду камоонун аракетин кылды. Бул эмне саткындык эмеспи? – дейт Эмилбек Каптагаев

Буга кошумча 2010-жылы Апрель революциясында эл “үй-бүлөлүк-кландык” башкарууну жок кылабыз, коррупциянын тамырын кыркабыз деп көтөрүлгөн. Ошол учурда шейит кеткен, кийин жаракаттын азабынан каза болгондордун саны 130 га жакындаган. Ал эми Атамбаев эмне кылды? Ар кандай саясий оюндар менен бийликти узурпация кылып басып алды, кландык башкарууну кайра орнотту, коррупцияны ого бетер өстүрдү. Бул эмне саткындык эмеспи? – деген наразычылыгын билдирди Каптагаев.

– Учурда “мамлекетти тоготпойм, мыйзамды тоготпойм, атышам-тытышам” – деп Кой-Ташта корбашы болуп отурат. Бул да саткындык. Атамбаев Кыргыз мамлекеттүүлүгүн сатты, укуктук тартипти, мыйзамдуулукту садага чаап жатат. Өз керт башынын кызыкчылыгын гана ойлоду.

Ошондуктан, урматтуу замандаштар, Өлкөнүн, элдин кызыкчылыгы, мамлекеттин келечеги үчүн жоопкер бололу. Кимибиз болсок дагы Атамбаевдин “сатып кетти, саткын” деген сөздөрдү айтууга укугу жок экендигин так айталы, Атамбаевдин саткындыгы, саясий бет тырмарлыгы өз башы менен кетсин – деди коомдук ишмер.

Мезгил Ньюс

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *