“Эмне үчүн галстугу жок жүрөсүңөр!” Мугалимдерди сындаган Мадумаров талкууга калды

 Мезгил

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Акрам Мадумаров кечээ, 22-январда  Кызыл-Кыя шаарындагы Кызыл-Кыя педагогикалык институтуна барды.

Мадумаров окуу жайдын имараты менен таанышып, шарты начар экендигине нааразы болду. Окуу жайдын жетекчилери Ош менен Бишкектеги окуу жайларга салыштырганда шарт начарыраак экенин билдиришти.

 Ошондой эле облус жетекчиси окуу жайдын кызматкерлери менен жолугуп,  мугалимдердин галстуксуз жүргөнүн сынга алды.   

-Адам биринчиден өзүнөн башташ керек.  Силер мугалимсиңер, баардык мугалимдер менен учурашып жатам. Бирөөндө да галстук жок. Жүрүшүңөрдү карагылачы. Азыр ишпи десем,силер  иш деп атасыңар.  А эмне үчүн без галстук жүрөсүңөр?- деди Мадумаров.

Ал эми мугалимдер сабак учурунда галстук тагынып жүрүүшөөрүн айтып, ремонт иштерин жасап калганда тагынбай калышарын айтышты.

Ал эми бул коомчулукта нааразычылык жаратып, бул туурасында Жогорку Кеңеште да айтылды.  

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *