Эмне кылсам? Өзүмөн 7 жаш кичүү бала “сүйөм” деп айламды кетирди

Мезгил

Саламатсыздарбы! Ичимдеги толуп жаткан муңду сиздер менен бөлүшүүнү чечтим. Жөн гана оюңуздарды айтып, кеңешиңиздерди берип коюңуздар.

         Бешенеме чала тагдыр жазылыптыр, турмушка чыгып кайрадан эки бөлөк жолго түшүп ажырашканбыз. Күйөөм үйлөнүп алган, эки балам өзүмдө. Кудайым өзүмө күч кубат бер деп жумушка кирип, иштеп жатам. Баары жакшы бирок, ажырашып келсең эле, баары жаман ойлошот экен. Иштеген жеримде өзүмөн жети жаш кичүү бала бар.  Көптөн бери сүйүүсүн билдирип, жакшы көрөм деп жанымды койбой келет.  Ортодо силер жаман ойлогонуңардай эч нерсе боло элек. Ал мага сүйүүсүн арнап күнүгө ыйлайт, кечке жазат, чалат. Бир нерсе десең өлүп алам, ичим кетем, мага баары бир деп коркута берет.

Үйүндөгүлөр да билип калыптыр, баласы үйүнө барбай калса эле балээ башталат.  Менин жанымда жок болсо да жаман сөздөр менен каргашып иши кылып укпаган сөзүм калбайт.  Балага айтсам такыр түшүнө турган эмес, кагып урушуп баарын кылдым болбоду. Апасы өгөй экен, мени эмне апа кыласыңбы десем, ооба апа мээримин көрбөй өскөм деп, байкесинен аялы өзүнөн 13жаш улуу экен, ал чалып урушса аганы көрүп ини өсөт деп айтор такыр алыстабай жатат.  Укпаган сөзүм калган жок, байкесинин айткан сөздөрү жүрөккө тийет. Эмне кылсам кеңеш бериниздерчи!

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *